Кеминдеги жол кырсыгынан алты киши каза болду

Кемин районунда адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июлда саат 21:20 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында «Хонда Степвагон» менен «Мицубиси Паджеро» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 4 адам окуя болгон жерден каза болуп, дагы 5 адам оор жаракат алган.

Жерине аталган жолдун 132-чакырымында нөөмөттө турган 3 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денесин жана жаракат алган адамдарды унаадан чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 22-июлда саат 22:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

1975-жылы туулган айдоочу И.Т. «Мицубиси Паджеро» унаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, «Хонда Степвагон» унаасы менен кагышкан. Аны 1996-жылы туулган Р.С. чыгыштан батышты карай башкарып бара жаткан.
Жол кырсыгынын кесепетинен окуя болгон жерден «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Бүгүн, 23-июлда эртең менен ушул эле унаанын дагы 2 жүргүнчүсү аймактык ооруканада көз жумду.

Андан тышкары «Хонда Степвагондун» эки жүргүнчүсү ар кандай жаракат менен аймактык ооруканада жатышат.

«Мицубиси Паджеро» унаасынын айдоочусун спирт ичимдигин ичкендиги же ичпегендиги боюнча медициналык кароодон өткөрүү учурунда ал — 1975-жылы туулган И.Т. мас абалында болгондугу аныкталган. Учурда ал ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканада жатат.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри катталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru