Кербен шаарында 27 жаштагы рэкетир кармалды

Кербен шаарында ишкерден акча талап кылгандыгы үчүн 27 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын   Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Жеке ишкер Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылды. Анын айтымында, кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар жигит белгисиз адамдар менен биргеликте андан ири өлчөмдө акча талап кылган. Шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал 27 жашта. Ал бир күн мурун Кербен шаарында   опузалап талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып  жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Калган кылмышка тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат », – деп билдиришти ИИМден.

Тергөөнүн версиясы боюнча, опузалап талап кылган кылмышкерлердин тобун аралыктан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан 33 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жетектеген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru