Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде …

Эзелтен энелерибиз кубанып күткөн  8-март майрамына, эки жылдан бер   адаттан тыш  “бойок сүртүлүп”   коомчулукту бир  дүрбөтүп  алмай  болду.    Негизи аталган майрам   ак элечек  энелерибизге, жалпы эле  асылзаада айымдарыбызга  кучак толгон гүл менен кошо  кубаныч тартуулап  сый-сыпат  көрсөткөн  абдан астейдил майрам эле.

Кашайып бул майрамдын да  аялдарга тийиштүү назиктигинин таш-талканын чыгарып  “өзүн-өзү билип  өтүгүн төргө илгендер”  каалагандай калчай баштаганы   шумдуктуу жорук болду. Дал ушул  күнү  “байпагын башына кийип”  “тескери   заара ушаткандардын” көздөгөнү  эмне экенин  да аңдап түшүнүү кыйынга турат.

“Чай куйбайм”, “төрөбөйм”, “менин  жатыным меники” –деген   чулдур  ураандар менен  чуу салып  митингге  чыккандар  кимдин укугун коргошту да, мындай  ач-айкырык куу сүрөөндү кимдерге жолдошту?! Бул жагы  акыл-эси  ордунда адамдар үчүн табышмак бойдон калды.

 Чындап келгенде  8-март  жекшемби  күнгө туура келгендиктен   үйдүн куту,  балдардын бактысы болгон баардык аялзаты  бала-чака, өмүрлүк жарларынын жанында  бакытка балкып  чыныгы майрамдык маанай  ар бир үйдө өкүм сүргөнү  талашсыз.

Мына ушундай тынчтыкты,  же аял эмес,  же эркек эмес   адам  кейпин кийген маңкурттар  баштап жиберип  социалдык  түйүндөр дүрбөлөңгө түшүп эле жатып калды.  Көп өтпөй мындай  кытмыр иштин ар жагынан  кылтыйып   кадимки АКШ элчилигинин “кулагы көрүндү”.  Кыязы,  эгерим  адамзатына  жакшылык кылбаган  америкостор,    кырдаалдан  пайдаланып шылтоого шынар издеп  жазгы  чагымчыл маанайларды  козгоонун  жан далбасын  көрүп жатканы байкалып турду.  Ага кошул ташыл болуп  “океандын ары жагына ыктаган”  кыргыз саясатчылары    адам укуктары жөнүндө саймедирешип   “каптал жактан”   чыга келишти.

 Баарынан  кызыгы,  аялдын укугун мындай кой, кезинде адам укугун керзи өтүгү менен   тебелеп  “каралар” менен  “на ты” сүйлөшкөн   саясатчылар да “баш көтөрүп” баары эле ашкере  гумандуу, ашкере түшүнүктүү  болуп  чыга келишти.

Коомдогу    ар кандай күчтөрдүн  оозунан, “адам укугу,  демократиялык  баалуулуктар,  эл үчүн “- деген сыяктуу  ураандардын  түшпөй калганынын да   чоң себеби бар. Ал  “алды-алдыңда тал карма болгон”   быйылкы күздөгү   Жогорку Кеңештеги  шайлоонун шарапаты.  Андыктан   парламенттин  “бекер кофесине”  кызыккандардын баары,  кез келген  мүмкүнчүлүктөн пайдаланып  өзүн “пиарлап”  калуунун  амалын  көрүүдө.  Мындайда “пиарщик” болбосоң койо кал дегенден башка айтар сөз жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru