народный

Киевде пенсионер карыя 12 кабаттуу үйдүн чатырына үй салып алган

Украинанын Киев шаарында пенисионер көп кабаттуу үйдүн чатырына огороду менен үй салып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Жергиликтүүлөр карыянын үйүн «Карлсондун үйү» деп атап алышкан. Ал аталган үйдү 2012-жылы салып, андан соң жубайы менен чакан огород жасап, гүлдөрдү, мөмө-жемиштерди өстүрүп алган. Жамгырдын суусун чогултуучу ванна орнотуп, селкинчек, отургучтарды жайгаштырып, неберелеринин коопсуздугу үчүн үйдүн айланасын королоп тосуп чыккан.
Алгач пенсионердин үйү 12 чарчы метрди түзсө, кийин кеңейтип алган.

Ал эми жергиликтүү көзөмөл органдары бул жеке курулушту жакында гана байкап, имаратты бузууга буйрук берген.

Мындан сырткары карыя айып пул төлөөсү дагы мүмкүн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru