Кийинки аптада Жерге ири жана кооптуу делген астероид жакындайт

NASA уюму Жерге 7482 (1994 PC1) деп аталган узундугу бир чакырымдык астероид жакындап келе жатканын РИА Новости жазды.

Ал 18-январь күнү Жерге 2 миллион чакырымга чейин жакындап келет. Бул Жер менен Айдын ортосундагы аралыктан беш эсе чоң. Бирок космостук эрежелер боюнча мындай аралык өтө жакын деп эсептелет.

“Апполон” классына кирген бул астероидди окумуштуулар Жер үчүн кооптуу деп эсептешет. Асман телосун 1994-жылы астроном Роберт Макнот ачкан.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, астероид 2022-жылы Жерге жакындай турган асман телолорунун эң чоңу.

Анткен менен NASA изилдөөчүлөрү жакынкы 100 жылда Жерге бир дагы астероид олуттуу коркунуч келтире албайт деп божомолдоп жатышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru