Китепканаларга байланыштуу мыйзамдардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеңеште мыйзамдардагы китепкана ишине байланыштуу жоболордун ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан «Китепкана иши жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Маданият министри Азамат Жамакулов «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамда Улуттук китепканасынын жетекчилеринин маяналары мамлекеттик кызматкерлердин жогорку категориядагы адисинин эмгек акысына, ал эми бөлүм башчыларынын эмгек акылары мамлекеттик кызматкерлердин I категориядагы адисинин эмгек акысына теңештирилет деп белгиленгенин билдирди.

“Бирок, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам Улуттук китепкананын кызматкерлерине жайылтылбайт, анткени алар мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбейт. Ошондон улам, «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу демилгеси сунушталууда”, – деди министр.

Азыркы учурда маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары, анын ичинде китепкана кызматкерлеринин кызматтык маяналары КР Өкмөтүнүн «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому менен аныкталат. Ошондуктан, мыйзамдын жогоруда аталган беренеси иштебей турат.

Депутат Дастан Бекешев китепканалар жаатында көйгөйлөр көп экенин белгилеп, Улуттук китепкананын кызматкерлеринин эмгек акысы өтө төмөн экенин, аны көтөрүү зарылдыгын айтты. Мындай сунушту бир топ депутаттар дагы колдошту. Министр бул маселе Өкмөттүн кароосуна коюлуп, азыр Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Ал эми депутат Айнура Осмонова элет жергесиндеги ээн калган китепканалар менен маданият үйлөрүнө интернет тартып, тил үйрөтүү сындуу ар кандай багыттагы жаатындагы окууларды өткөрүү, курастанды ачуу менен алардын ишин жандандыруу, ошондой иш-чаралар аркылуу айыл маданиятын көтөрүү жөнүндө пикирин ортого салды. Министр мындай пикирге кошула турганын айтты.

Белгилей кетсек, ушу тапта өлкө аймагындагы 1069 китепкананын фонду – 19 млн китеп. Ал эми китепканачылардын орточо маянасы – 4 миң сом.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru