Клооп: Биз кыргыз тилдүүлөрдү түшүнбөйбүз

Журналист Элмира Мадиева Клооп сайтынын жообуна өзүнүн аргумент менен жооп кайтарды:

“КЛОПТУН жообуна менин жообум:

Алар минтет: “Биз Кыргызстандын орус тилдүү тургундарынын көпчүлүгү кыргыз тилдүү маданиятты жакшы түшүнбөсүн жана кандай сөздөр ыза кылаарын же кемсинтээрин билбейбиз”.

Биз Кыргызстан деген мамлекетибиз бар туруп, кыргыз болуп туруп бирибиз арабдардын, бирибиз пактардын, бирибиз индустардын, бирибиз орустардын, бирибиз батыштын таасиринде жашап, ой- жүгүрткөнүбүз аз келгенсип, кыргыз тилдүүлөр, кыргыз эмес тилдүүлөр, кыргыз тилдүүлөрдүн маданияты, орустун эмес, орус тилдүүлөрдүн маданияты деп бөлүнөбүз….

Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Уйгур автономиялуу районунун тургундары тагыраак айтканда уйгурлар мектепте кытай тилин окуп, кытайдын мыйзамы, кытайдын тартиби менен жашашат. Аларды баш көтөртпөрүн жакшы билебиз. Ушундай шартта жашаган бир ууч уйгур өз улутун жоготуп, эбак эле кытай болуп кетиши керек эле. Бирок, алар үйүнүн дарбазасы жабылгандан баштап уйгурча сүйлөп, уйгурча ырдап,  өздөрүнө таандык салт- санаа, үрп- адаттары менен жашашат. Алар сыртка чыгып тилин берген менен дилин эч качан беришкен жок!”-дейт Мадиева

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru