Кол менен эсептөөдө кайсы партиялар алдыда келе жатат?

БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо берилген добуштардын 19,53 пайызын колдо эсептеп бүттү.

30-ноябрь саат 9:30га карата БШКга шайлоо участкаларынан 487 протокол келип түшкөн. Бул 19,53 пайызды түзөт. Жалпы 3 703 420 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.

Азырынча “Ынтымак” (13,30%), “Ата-Журт Кыргызстан” (12,87%), “Ишеним” (11,22%), “Ыйман нуру” (7,32%), “Эл үмүтү” (6,98) жана “Аяльянс” (6,20%) партиялары алдыда.

Белгилей кетсек, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru