Колумбияда 104 жаштагы карыя коронавирустан эки жолу айыкты

Колумбияда 104 жаштагы Тунья шаарынын тургуну Кармен Эрнандес эки жолу COVID-19 оорусу менен ооруп, айыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алгачкы жолу Эрнандес коронавирусунан 2020-жылдын июнь айында айыккан. Ал 25 жылдан бери Сан-Хосе-де-Тунядагы карылар үйүнүн жашайт.

Быйыл, 27-февралда Эрнандеске COVID-19 эмдөөсү жасалган, бирок 8-мартта ПТР анализи оң жыйынтык берген. Дарыгерлер бул кыска убакыттын ичинде иммунитет калыптанган жок деп түшүндүрүштү.

Кармен Эрнандес 19-мартта ооруканага түшкөн. 5-апрелде Эрнандес дарыгерлердин кол чабуулары менен ооруканадан чыгарылды.

Айыккандан кийин Эрнандес карылар үйүнө кайтып келди. Ал Колумбиядагы коронавирусту айыктырган эң улуу адам.

Leave A Reply

Your email address will not be published.