Комендант Малик Нурдинов Оштун тургундарына ачууланды “Биз менен кубалашмай ойноп, жомок айтышпагыла”

Мындай маалыматты ал брифинг учурунда билдирди:

“Буга чейин эреже бузгандар 10го жетпей жаткан. Бүгүн эмне себептен көбөйүп 17ге чыгып кеткенин түшүндүрүп берейин. Айылдардын, квартал башчылардын өзүнө ишенип көзөмөл кылгыла дегенбиз. Эми ошол көп кабаттуу үйлөрдүн арасынан, кыштактардын ичинен кармап чыгып жатабыз. Болбосо айрымдары төрт-бештен чогулуп алып “жомок” айтышып отурат экен. ИИМдин машинасы барса ичкери кирип алат, кеткенден кийин кайра чыгып алышат. Биз менен ачакей-жумакей ойноштун кереги жок. Оору менен чогуу күрөшөлү деген сөз кээ бирлерине жетпей жатат”, — деди Нурдинов.

Булак: Республикалык штаб

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru