народный

Коменданттык сааттын эрежелерин бузган 88 адам кармалды

Бүгүн, 13-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежелерин бузган 88 адам кармалып, 3 автоунаа атайын токтотуучу жайга киргизилди. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү иштери өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлдү.

Кармалгандардын ичинен:

– Бишкек шаары боюнча 56 адам;

– Ош шаары боюнча 16;

– Жалал-Абад шаары боюнча 10;

– Сузак району боюнча 5;

– Кара-Суу району боюнча 1 адам бар.

Ал эми Ноокат районунда эч ким тартип бузган эмес.

Жалпысынан коменданттык саат башталган 25-марттан бери 2472 жаран милиция пункттарына жеткирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru