Коменданттык сааттын эрежесин бузган 70 жаран кармалды
Коменданттык сааттын эрежесин бузган 70 жаран кармалып, 15 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча – 39 Жалал-Абад шаары боюнча – 3, Ош шаары боюнча – 11, Нарын шаары боюнча – 8, Ноокат району боюнча – 2, Ата-Башы району боюнча – 7 жаран кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
“Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды”, – деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.