Коменданттык сааттын шартын бузган 147 жаран кармалды

31-марттан саат 20:00дөн тартып 1-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 147 жаран кармалып, 12 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен;

• Бишкек шаары боюнча – 119;

• Ош шаары боюнча – 2;

• Жалал-Абад шаары – 10;

• Сузак районунда – 8;

• Кара – Суу районунда – 8 жаран кармалып, ИИМдин райондук бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Кармалгандардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru