Коменданттык сааттын шартын бузган 92 жаран кармалган
7-апрель саат 20:00дөн тартып 8-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 92 жаран кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын ичинен:
• Бишкек шаары боюнча – 58,
• Ош шаары боюнча – 5,
• Жалал-Абад шаары – 12,
• Сузак районунда – 15,
• Кара-Суу районунда – 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
ИИМден кабарлашкандай, жалпысынан өзгөчө абал киргизилген күндөн тартып, тактап айтканда, 25-марттан бери 2101 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.