Комендатура учурунда терминал уурдалды

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө 6сынан 7-апрелге караган түнү баасы 1,5 миң доллар болгон терминал уурдалган.

Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришкендей, Свердлов райондук милициясына Т.Б. аттуу жаран кайрылып, Абдрахманов көчөсүндө баасы 1,5 миң доллар болгон жана ичинде 61,6 миң сом акчасы бар терминал уурдалганын билдирген. Кылмыш болжол менен саат 02:10дө жасалган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Кылмыш кодекстин 200-беренеси (“уурулук”) боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru