народный

Коммуналдык кызматынын жумушчулары өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган окуудан өтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 25-27-февраль күндөрү облустук, райондук жана Бишкек, Ош шаарынын Жарандык коргонуунун “Коммуналдык кызматынын” штаб башчылары менен «Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму» боюнча окуулар өткөрүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ага-окутуучулары тарабынан жүргүзүлүүдө.

Мындай сабактардын негизги максаты Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруудагы билим деңгээлдерин жогорулатуу жана кырсыктын тобокелин төмөндөтүүдөгү мерчемдерин түзүүдө өзгөчө кырдаалдар катталган учурларда калкты жана аймактарды коргоодо өз убагында ар тармактуу жардам көрсөтүүгө багытталууда.

Окуунун жыйынтыгында катышуучуларга сертификат тапшырылмакчы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru