Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумга 120 миллион сом талап кылынат

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга кошумча 120 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
Осмоналиевдин айтымында, БШК Жогорку Кеңештин тиешелүү чечими кабыл алынары менен жалпы элдик добуш берүүгө даярдык көрө баштайт. Азырынча коомдук талкууга коюлган демилге гана бар.
«БШК – бул аткаруучу орган, биз өзүбүз эч нерсени дайындап же жокко чыгара албайбыз. Референдумду жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүгө токтолсок, мен мындай деп ойлойм: 2016-жылы бизде мындай тажрыйба болгон. Анда жергиликтүү кеңештер менен бир мезгилде плебисцит өткөрүлгөн. Бирок дайындоо жөнүндө буйрук чыккандан кийин гана сметаны бекитип, бюллетендерди даярдай алабыз. Бул менин жеке оюм », – деп кошумчалады Кайрат Осмоналиев.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыккан. Ал эми Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен Негизги Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам демилгеленген. Парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru