Коомдук унааларынын айдоочуларына 800 миң сомго жакын айып пул салынды

Санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн коомдук транспорттун айдоочуларына жалпысынан 775,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык транспорт бөлүмүнүн, троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынын адистери Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциясы менен биргеликте коомдук транспорттук салондорду күн сайын текшерип турушат.

Отургучтардын санына жараша  санитайзерлердин  болушу, санитардык тазалык жана аралык талап кылынат.

Мэриянын маалыматы боюнча, 18-ноябрга карата 5200гө жакын унаа санитардык кароодон өткөн.

1-июндан бери айдоочуларга карата мыйзам бузуу боюнча Кодекстин 150-беренеси боюнча 234 протокол, 239 миң сом айып пул салынган, ошондой эле жеке ташуучу компаниялардын жетекчилерине карата 293-берене боюнча төрт протокол түзүлгөн, айып пулдун суммасы 117 миң сомду түзөт.

ИИМдин Патрулдук милиция кызматы жана Транспорт жана жолдор министрлиги аркылуу 159 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 419,500 сомду түздү.

Транспорттук блок үчүн айып пулдардын жалпы суммасы 775,500 сомду түздү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru