Коронавирус аныкталган үч жарандын абалы канааттандырарлык

Сузак районунда коронавирус аныкталган үч жарандын абалы канааттандырарлык. Бул туурасында өкмөттө болгон маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Алардын дене табы 37,5°C болууда. Жөтөл жана саламаттыгы оорлобогонун белгилейт министр.

Белгилей кетсек, Умрадан учуп келген учакта 135 эмес, 144 адам экени аныкталды. Алардын 142си текшерилип, үчөөндө коронавирус аныкталган.

Сауд Арабиядан учуп келгендердин тизмеси боюнча 144 адамдын 142 адамы текшерилген. Эки жаран Кыргызстанда эмес болгондуктан алар текшерилген эмес.

Эскерте кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын билдирген. Илдетти жуктуруп алгандар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru