Коронавирус үй жаныбарларынан жукпайт

Франциянын Anses медико-санитардык агенттиги коронавирус адамга жаныбарлардан жугат деген имишти түп тамыры менен жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, үй жаныбарларынан вирус жугат деген кеп Гонконгдун тургунунун итин текшергенден кийин чыккан. Иттен алынган тесттен оорунун белгилери байкалган жок.

Эксперттер иттин ооз көңдөйүнөн табылган инфекция итке вирус жукту дегенди түшүндүрбөй турганын айтышууда.

Ошондуктан изилдөөчүлөр үй жаныбарларынан оору кишилерге жугат деген маалымат чындыкка коошпой турганын жана эч кандай далилдер табылган жок деген жыйынтык чыгарышкан. Ошол эле маалда окумуштуулар бул жаатта изилдөөлөр аз экенин моюндашууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru