народный

Коронавирус Өзбекстандын түштүк чек арасына жетти. Вирустун биринчи учуру катталды.

Герат шаарында 35 жаштагы эркек коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Ооганстандын Саламаттык сактоо министри Ферозуддин Фероз
билдирди.

“Бул адам Иранга барып ошол жактан жуктуруп алгандыгы аныкталды. Учурда дагы бир киши даарыгерлердин көзөмөлүндө  турат”-деп белгиледи министр.

Коронавирус күндөн-күнгө дүйнө жүзүнө кеңири тарап жатат. Бүгүнкү күнгө карата дагы бир катар мамлекеттерде коронавирус менен жабыркагандар аныкталды. Алар Швейцарияда, Австрияда жана Азербайжанда катталган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru