народный

Коронавирус: 7 медицина кызматкеринен аныкталды

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 12 жарандын ичинен 7си медицина кызматкерлери. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, тастыкталган 12 учурдун бардыгы Ош облусунда. “Алардын 7си дарыгерлер жана медайымдар. Төртөө – 1 дарыгер, 3 медайым Ноокат районундагы обсервацияда жаткандар болсо, калган үчөө Ош облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасында иштеген 1 дарыгер жана 2 медайым. Алар ооруну жугузуп алган дарыгер менен байланышта болгон”, – деп кошумчалады ал.

Ошондой эле азыркы учурда медицина кызматкерлери ооруканаларга жаткырылып, абалдары канааттандырарлык. Бул адамдарда клиникалык белгилер жок, бирок оорунун козгогучу бар. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, вируска каршы дарыларды алып жатышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru