народный

Коронавирус аныкталган адамдар менен учуп келген 90дон ашык адам обсервацияга жаткырылды

Коронавирус жуктуруп алган адамдар менен учуп келген 90дон ашык адам обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

“Умрадан өлкөгө келген дене табы көтөрүлгөн 8 адамдан анализдер алынып, алардын үчөөндө оору бар экенин тастыкталган. Алар менен чогу учуп келген каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси такталып, 90дон ашык адам обсервацияга жаткырылды”-дейт ал.

Алардын анализ алынып, ар бири менен кайда барганы тууралуу маалыматтар чогултулуп жаткандыгын кошумчалады Чолпонбаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru