Коронавирус: Ашхабадда массалык иш-чаралар токтоп, спорттук жайлар жабылууда

Ашхабадда Кытайдан чыккан коронавируска байланыштуу үлпөт тойлор, массалык иш-чаралар токтоп, көңүл ачуу жана спорттук жайлар жабылууда. Бул тууралуу чкт элдик басылмалар жазып чыкты.

Мындан тышкары баш калаадагы мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин дене табы текшерилип, окуучулар вируска каршы каражаттарды колдонууга милдеттендирилип жатат. Ошондой эле адамдардын көчөдө медициналык беткап тагынып жүрүүсүнө тыюу салынууда.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктурган деп шек саналган жарандардын бардыгы Жугуштуу ооруларды дарылоо жана алдын алуу борборуна жөнөтүлүүдө.

Азырынча аталган жайда карантинде кармалып турган адамдардын саны боюнча так маалымат жок.

Түркмөнстандын бийлиги 25-февралда коронавирус тууралуу алгачкы жолу айтып, өлкөдө бул вирусту жуктургандар жок экенин билдирген. Ага чейин мамлекеттик ЖМКлар бул темага кайрылбай, коронавирустун дүйнөдө жайылып жаткандыгы тууралуу маалымат бербей келишкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru