народный

Коронавирус боюнча дүйнөдөгү абал

Италияда жалпысы 3 404 адам коронавирустан каза болду. Анын ичинде  427 адам акыркы суткада оорудан көз жумду, 41 036 киши ооруну жугузуп алган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды.


Ал эми Иранда 18 407 адам ооруйт, 1284 киши каза болду. Испанияда 17147 адам ооруга чалдыккан, 767 киши көз жумду. Францияда 10 миңден ашуун адам илдетке кабылып, 372 киши көз жумган. АКШда 10 442 адам ооруп, 150 киши өлдү. Британия 103 киши оорунун курмандыгы болду.

Оору дүйнөдөгү 156 өлкөдөн аныкталды. Алардын катарында Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан бар.

Белгилей кетсек, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп тааныган.

Пандемия – жугуштуу оорунун бир нече өлкө, континентке массалык түрдө таралышы. Буга чейин дүйнөгө жайылган коронавирстун жаңы түрүнө COVID деген расмий аталыш берилген – CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru