Коронавирус боюнча маалыматты эми кыргыз тилдүү сайттан окуй аласыз

Кыргызстандык программисттер коому Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин демилгеси менен коронасирус боюнча кыргыз тилдүү сайт иштеп чыгышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сайттан дүйнө жүзү жана Кыргызстанда коронавируска чалдыккан адамдардын, айыккандардын жана вирустан каза болгондордун саны тууралуу онлайн режимде маалымат алса болот.

Сайттын шилтемеси: http://virus.el.kg/

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru