Коронавирус чыккандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандар кармалды
Нарындагы Жерге-Тал айылында коронавирус аныкталгандыгы тууралуу WhatsApp тиркемеси аркылуу жалган маалымат тараткан бир киши менен аял кармалды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, алар күн мурун, 18-мартта кармалган.
15 секунддук видеодо – “айылга тез жардам келгендиги жана аталган айылда коронавирус илдети катталды” деген билдирүү тараган.
“Жалган маалымат тараткан 26 жаштагы Д.Э., жана 46 жаштагы К.К.. аттуу жарандар кармалды”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.