народный

Коронавирус. Дүйнө коркунучта.

Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны дээрлик бир жарым миллионго жакындап калды.

Дүйнөдө 88 миңден ашуун адам каза тапты жана 331 миңдин тегерегиндеги адамдар айыгып кетишти. Буга чейинки беш- алты жылдар аралыгында биологиялык курал чыгат деген ар кандай божомолдор айтылып келген болсо, так ошол нерсе азыркы учурда болуп жаткандыгын айткандар да аз эмес. Деген менен мунун так жообун бир дагы мен-мен деген мамлекетер дагы айта албай турушат. Бул эмне? Чынында эле ири державалар ортосунда колдонула турган биодогиялык куралбы же жаратылышка карата карөзгөй мамиле кыла баштаган бүтүндөй дүйнөдөгү адам баласына болгон жаратылыштын эскертүүсүбү?

Кандай болгон күндө бул азыр, биздин күндөрдө болуп жатат жана көп деген окумуштуулар буга жооп издеп, так аныктама издөө менен алек болушууда.
Оорунун Кытайда чыккандыгы тууралуу биринчи маалыматтар 2019-жылдын 31- декабрында айтылды, ал эми ооругандардын алгачкы клиникалык белгилери буга чейин, 2019-жылдын 8-декабрында пайда болгон. Тагыраагы, борбордук Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарынын айбанаттар жана деңиз азык-түлүктөрүн саткан Хуанань базары менен байланышкан жергиликтүү жашоочулардан адаттан тышкаркы өпкөнүн сезгенүү оорулары байкалган.

Ошентип, 2019-жылдын 31-декабрында Кытайдын бийлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (БДССУ) өпкөнүн сезгенүүсүнүн белгисиз түрү жайылгандыгын кабарлаган. 30-январда бул ооруну БДССУ жаңы коронавирустун чыккандыгын – эл аралык мааниге ээ коомдук саламаттыкты сактоонун чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаал экенин тааныды жана 2020-жылдын 11-февралында бул оору жаңы коронавирустук оору катары катталды (COVID-2019).
Мындан бир ай өткөндөн соң, 2020-жылдын 11-мартында БДССУ оорунун жайылышы пандемиялык мүнөзгө айлангандыгын жарыялады. Ал эми 13-мартта бул пандемиянын борбору Европа болду[15].
7-апрелге карата алынган маалыматта (16:27, GMT боюнча), 204 өлкөдө жана аймактарда 1,386,771 учур катталып, 79,037 адам каза болду жана бул орточо эсеп менен алганда 5,405 %ды түздү.
Оорулуулардын саны боюнча алганда, пандемияга кабылган аймактар — АКШ, Европа (Италия, Испания, Германия, Франция, Улуу Британия), Кытай, Корея Республикасы, Иран.
Март айынын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү боюнча инфекциянын тез тарашы уланып, ошол эле мезгилде АКШда дагы ооруну жугузуп алуулардын саны өсүп баштады. 24-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул өлкөнү инфекциянын таралуусунун жаңы очогу болорун эскертти. 4-апрелге карата АКШ оору жугузуп алгандардын саны боюнча буга чейин алдыда катталган Италияны гана эмес, Кытайды да басып өтүп, дүйнөдө биринчи орунга чыкты (277 607).
«Белгисиз мүнөзгө ээ өпкө сезгенүүсүнүн» жайылышы тууралуу КЭР өкмөттүк сайты жарыя кылгандвн бери 100 күн өттү. COVID-19 вирусунун дүйнөгө таркалышын Джон (англ.) атындагы Тармактык илим жана техника борборунун репозитордук маалыматына ылайык, (https://github.com/CSSEGISandData/COVID-19) реалдуу убакыттын тартиби боюнча байкоого алса болот. Өлгөндөрдүн, жугузуп алуулардын саны өсүүдө, оорунун таркалуусу улам кеңейип бара жатат. Өлкөлөр карантин боюнча катуу чараларды, эскертүү жана айып салуудан тартып түрмөгө камоо жана өлүм жазасына чейинки жаза чараларын киргизип жатышат.
Бул вирус чыккандан бери анын эл топтолгон жерлерде көбүрөөк жугуусу түшүнүктүү болду. Бардык жерде бирдей көрүнүш: оорунун көп адамдарга жугушу кандайдыр бир маданий, диний де спорттук иш-чара болгон, көпчүлүк бир нече саат бири-бирине жакын болгон учурларда жугузуп алганы маалым болууда. Кол алышуу, суусундуктарды бирге ичүү инфекция жугузгандардын санынын тез өсүүсүн шарттайт.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус бардык өлкөлөрдү кырдаалды саясатташтырбоого, жаңы вируска каршы күрөшүүдө биригүүгө чакырды.
Коронавирус дүйнөнүн 200 ашык өлкөсүндө катталды. Оору катталган бардык өлкөлөрдө калк үчүн анын оор запкысы тийип жаткандыгы байкалууда. Экономиканын, экологиянын, саламаттыкты сактоонун, билим берүүнүн, айыл чарбасынын, коммуникациялардын мындан аркы өнүгүү маселелери туңгуюкка кептелип бара жатат.
Мындай оор кырдаалдардан өз максаттарын ишке ашырууну каалаган ар кандай саясий күчтөр дагы пайдаланып кетүү ыктымалдыгы бар. Алар мамлекеттик бийликти болушунча начарлатууга аракет жасашууда. Өкмөттүн даяр эместиги, башкаруунун алсыз системасы, өнүкпөй жаткан экономика жана саламаттыкты сактоо тармагы тууралуу сөздөрдү таратып жатышат.

Алар ар кандай ыкмаларды – имиштерди таратуудан баштап кибер чабуул коюууга даяр фейктерди колдоно башташты. Батыштык адистер пандемия учурунда келип чыккан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү хакерлер активдүү ишке киргизип жатышкандыгын эскертишүүдө. Ал тургай вирусту ойлоп табуу жана жайылтууга бул же тигил тарапты кезеги менен күнөөлөп, өлкөлөр ортосунда дүйнөлүк карама каршылык жаратууга аракет жасап жатышат.
Эң башкысы, бул дүрбөлөңдүн фонунда биз коронавирустун себебинен келип чыккан кризистен тезирек чыгуу максатында бардыгыбыз бир болууну, мамлекеттин көрсөтмөлөрүн так аткарууну эске алышыбыз зарыл. Эч бир мамлекеттин жетекчиси өз өлкөсүнүн жарандарын жоготууну каалабайт. Өлкө жетекчилери колдон келишинче аракеттенип жатат. Кырдаал мүнөт сайын өзгөрүүдө, алдыда абдан оор маселелер турат, жана өлкө башчылары бул вирустун жайылып кетпөөсү үчүн, жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн тынымсыз ал маселелерди чечүү менен алек.
Дүйнө жүзүндө карапайым адамдар менен катар эле медицина кызматкерлери дагы коронавирус жуктуруп алган учурлар аз эмес. Экономикасы өнүккөн, медицинасы алдыңкы орунда келе жаткан мамлекеттер дагы коронавирус менен күрөшүүдө системалуу иш алып бара албай жатат. 2020-жылдын март айынын башында Кытай бийлиги болжол менен кытай ооруканаларында иштешкен 3300 врач жана медициналык кызматкерлер коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгын маалымдаган, алардын 1688 өтө оор абалда экендиги айтылган. Өнүккөн мамлекеттердин сап башында турган Германияда вирус жуктурган медиктердин саны 2300. Алардын катарында жогорку квалификациялуу атайын медициналык окуудан өткөн, карыялар үйүндө карыяларды карагандары да бар. Италияда вирус жуктурган медиктердин саны жалпы ооругандардын 8,3%ын түзөт. Бирок акыркы маалыматтар боюнча Италияда айыккандардын саны бир суткада 2099 кишиге жетти.

Ал эми Испанияда вирустан жабыркаган медициналык кызматкерлердин 10%ы ооруканага жаткырылса, көпчүлүк медициналык кызматкерлер дарыланууну үй шартында жүргүзүшүүдө» – деп билдирген Саламаттык сактоо министрлигинин алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун өкүлү Мария Хосе Съерра пресс-конференцияда. Pais гезити жарыялаган маалыматтарга ылайык бардыгы болуп он медициналык кызматкер – он бир врач, бир медайым жана санитарка каза болгон.

Россиянын саламаттык сактоо министри М.Мурашко 28-мартта бир врач коронавирусту ооругандарды дарылоодон эмес, сырттан жуктуруп келгенин билдирген. Оору жайылып жаткан Өзбекстанда 555 адам вирус журтуруп, анын 11и медицина кызматкери. Кыргызстанда акыркы күндөрдө 30дан ашык медицина кызматкерлери оору жугузуп алды. Бул маалыматтар дүйнө жүзүндө кун санап өзгөрүп жатат жана оору менен күрөшүү ар бир өлкөдө жүрүп жаткандыгы дүйнөлүк маалымат булактарында айтылып жатат. Андыктан, бул оору эч кимди аябай тургандыгын жана аны менен күрөшүүгө ар бир адам колдон келишинче жардам бериши зарыл экендигин моюнга алышыбыз керек. Мамлекет бар жерде эл бар, ал эми эл бар жерде мамлекет иштейт.

Кырдаалдан пайдаланып мамлекетти алсыздандыруу үчүн жасалган аракеттер кандай болбосун өз жообун алышы зарыл. Бул илдеттин жугуу коркунучун азайтуу үчүн бир гана жол бар. Ал темирдей тартип жана тазалык. Тартипти бузуп, бузукулук кылуу менен элдин саламаттыгына карасанатайлык кылгысы келгендер абийир алдында жана мыйзам алдында жоопкер болушу керек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru