народный

Коронавирус: Дагы 2 адам каза болду

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып ооруканада жатып, дарыланып жаткан 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Учурда өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 4кө жетти.

Министр буга чейин оорудан 10 адам айыкканын айтып, бүгүн ооруканадан дагы 23 адам чыгарыларын белгиледи.

Бүгүн маалымат жыйында Абдикаримов,Кыргызстанда коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталганын билдирди. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 адам оорудан айыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru