Коронавирус: Дарыгерлер түштүкө бир айга жөнөтүлдү
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн медициналык бригадалар бүгүн, 30-мартта түштүктөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1 айга ошол жакка жөнөтүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, түштүккө пульмонологдор, анестезиолог-реаниматологдор, жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер жөнөтүлүүдө. “Кытайдын мисалында коронавирусту тартиптин жана аракеттердин аркасында жеңсе боло тургандыгын көрдүк. Сиздердин аракеттериңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. Мен ишенем, биз бул илдетти жеңебиз”, – деп баса белгиледи ал.