народный

Коронавирус: Эми акчалар үтүктөлүп турат

Коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюу максатында Грузиянын Поти шаарындагы агрардык базарына келгендерге жаңы эреже киргизилди. Эми, бардык жарандардын акчасы үтүктөлүп, дезинфекцияланат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коронавирустун бирден-бир жугуу жолу акча болгондуктан андагы бактерияны өлтүрүш үчун антисептик каражаты куюлган үтүк менен үтүктөлүп турмакчы, ал бууланганда акчадагы бактерияларды өлтүрөт. Ал эми тыйын акчалар антисептик каражаты менен тазаланат. Мындан тышкары базардын бардык кардарларынын дене табы текшерилип, кол кап берилет. Учурда Грузияда 174 адам ооруп, 36 жаран илдеттен арылды. Каза болгондор -2

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru