Коронавирус: Кыргызстандагы акыркы маалыматтар
Кыргызстанда 20-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 14 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Алар төмөнкү аймактардын тургундары: Бишкек шаары – 4;
Чүй облусу – 2;
Ош шаары – 4;
Жалал-Абад облусу – 3;
Нарын облусу – 1.
Коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 568.
Алардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.
Стационарларда жаткан бейтаптардын ичинен 16 жарандын абалы оор бойдон калууда.
Сутка ичинде өлкө боюнча 68 бейтап илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылды
Тилекке каршы өлкөдө коронавирустан 6-бейтап каза болду. Бейтаптардын өмүрүн сактоого болгон аракеттер жумшалган бирок алар каза болуп калышкан. Каза болгон бейтаптын бири – Чүй облусунан – аял киши, 70 жашта. Дагы бири Ош шаарынан 79 жаштагы эркек киши. Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду
Анын айтуусуна караганда, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.