Коронавирус менен ооруган 7 бейтап сакайып үйүнө чыкты
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти:
Бүгүн 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап, Бишкек шаарынан 5 бейтап, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.