Коронавирус менен ооругандар жок – Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. 
Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, 2020-жылдын 7-февралына карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус менен ооругандар жок, республикада эпидемиологиялык абал туруктуу. 
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 173 адам стационардык кароодо, 310 адам жашаган жери боюнча медициналык байкоодо турат. Бардыгынын абалы туруктуу. 
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынганы айтылды. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, респираторлор жетиштүү деңгээлде.  
Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. 
Улуттук вирусологиялык лаборатория изилдөөлөрдү өткөрүүгө даярдалган, ал эл аралык стандарттарга дал келет, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат. Аныктоо үчүн өлкөдө бардык зарыл шарттар бар. Лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аккредитациясынан өткөн.
Мындан тышкары билим берүү мекемелеринде, мектептерде, бала бакчаларда, лицейлерде жана жогорку окуу жайларында, социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүрүүдө. 
Мындан тышкары жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  тарабынан 280 орун даярдалган: «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» – 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 50, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru