Коронавирус менен ооруп жатканын айтып, видео кайрылуу кылган милиционер көз жумду-(ВИДЕО)

Бир нече күн мурун милиция кызматкери коронавирус менен ооруп жатканын, ал абдан опурталдуу илдет экенин айтып кыргызстандыктарга кайрылган видео тараган.

Ал Бишкекте Ленин РИИБнин КМКнын кызматкери, милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакунов экени аныкталды. Белгилүү болгондой, ал бүгүн коронавирустан улам каза болду.

Маалыматка ылайык ал ооруп жаткан учурда  Улуттук ооруканада дарыланып жаткан.

“Ага коронавирус жугуп калган, өтүшүп кеткендиктен каза болду”-деп билдиришти кесиптештери. Б.Элакулов 36 жашта болгон.

Булак: Элдик медиа

Leave A Reply

Your email address will not be published.