народный

Коронавирус Путинге жеттиби?

Москва шаарындагы Коммунарка айыл аймагында жайгашкан №40 жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Денис Проценконун коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Россия 24 билдирди. Мындан улам Россиянын президенти Владимир Путинге дагы бул илдет коркунуч жаратты деген маалыматтар тарай баштады. Себеби, 24-мартта Путин аталган ооруканада ал бейтаптар анын ичинде башкы дарыгер Денис Проценко менен дагы жолуккан. Буга байланыштуу Владимир Путиндин маалымат катчысы Россиянын президенти коронавируска карата ар дайым тест тапшырып турарын жана учурда анын саламаттыгы жакшы экенин билдирген.

Ал эми башкы дарыгердин абалы канааттандырарлык экени, учурда ал ооруканада жатканы кошумчаланат маалыматта.

“Коммунаркадагы ооруканада башкы дарыгердин вирусту жуктуруп алганына байланыштуу кошумча чаралар жүргүзүлүп жатат. Белгилүү болгондой бул оорукана коронавирус менен жабыркаган бейтаптарды алгачкылардан болуп кабыл ала баштаган. Ал эми бул илдетке кабылган Денис Проценко 24-мартта Россияда коронавирус боюнча кырдаал Италиянын сценарийи сымал өрчүшү мүмкүн экендигин айтып жаткан”, – деп жазылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru