Коронавирус: Россиялык ырчы Надежда Бабкина ооруканага жаткырылды

Россиялык ырчы Надежда Бабкина коронавирус жуктурганы аныкталып, ооруканага жаткырылды. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ырчы 1-апрелде абалы начарлап, ооруканага жаткырылган. Ага болжолдуу пневмония деген диагноз коюлуп, дарылап баштаган. Коронавирустун бар же жогун аныктоо үчүн тест алышканда, жыйынтыгы оң болуп чыккан. Надежда Бабкинанын уулу Даниил Заседателев апасы коронавирус менен жабыркаганын тастыктап “Карантин учурунда апам дарыгердин айткандарынын баарын аткарган. Бардык жолугушуу, кечелерин токтоткон. Ким менен жолугуп же байланышта болгонун айта албайм”, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru