Коронавирус: Саламаттык сактоо министрлиги Исмаил Матраимов фондуна ыраазычылык билдирди

Саламаттык сактоо министрлиги Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди. Ылаӊ катталган алгачкы күндөрдөн тарта аталган фонд Кыргызстандын аймагында кайрымдуулук иш-чарасын жүргүзүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана медициналык бет каптарды таратып келишет. Саламаттык сактоо тармагына 20 ИВЛ (жасалма дем алдыруучу) жабдыгын чет өлкөдөн сатып алып, анын алгачкы келген 2 ИВЛ аппаратын Ош облусундагы ооруканага өткөрүп беришкен. Мындан тышкары 20 000 даана ылаӊдын белгилерин 15 минуттун ичинде аныктай турган акыркы муундагы экспесс-тесттерди тапшырышкан.
Саламаттык сактоо министрдиги тесттер колдонууга чыгып, аны менен ылаӊдын белгилерин аныктап жаткандыгы жана эӊ акыркы үлгүдөгү экенин белгилеп, Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондуна ыраазычылык катын жазышкан.

“COVID-19 ылаӊы менен күрөшүүгө кошкон техникалык салымы үчүн Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиребиз. Экспресс-тесттер акыркы муундагы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан таанылып жана сунушталган, сапаты талаптарга жооп бере тургандыгын билдиребиз”-дейт министрлик.
Фонддун өкүлү Искендер Матраимов, алдынкы күндө дагы атайын спец-кийимдерди алып келип, аны дарыгерлерге бере турганын “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу маалымдады.
“Биздин фонд алдынкы күндөрү, дагы медициналык жабдыктарды жана адистерге атайын кийимдерди алып келет”-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru