Коронавирус тастыкталган прокурор жандандыруу бөлүмүндө жатат

Коронавирус тастыкталган прокурор жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин арасында коронавирусту жуктурган жаңы учур катталган жок. “Илдетти жуктурган прокурор жандандыруу бөлүмүндө. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калат деп ишенем”, – дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru