Коронавирус Уханга кайтып келди. Мунусунда Бразилиядан алынып келинди

Ухань шаарында импорттолгон тоңдурулган уй эти таңгагынан коронавирус табылды, деп билдирди Синьхуа маалымат агенттиги.

Шаардын муздаткыч кампаларынын бирине Бразилиядан 27 тонна эт жеткирилгени белгилүү болду. Жергиликтүү бийлик продукцияны мөөр басып, кампанын аймагын дезинфекциялап, кызматкерлерден коронавирустук анализдерди алышты. Азырынча жумушчулар арасында жугуштуу оору аныкталган жок.
Ухань шаарынын мэриясы импорттолгон тоңдурулган азык-түлүктүн бардыгын кылдат текшерүүгө буйрук берди.
Белгилей кетсек, COVID-19 очогу биринчи жолу Ухань шаарында 2019-жылы декабрда катталган. Вирус бүткүл планетага тездик менен жайылып, натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта кырдаалды пандемия деп тааныды.

Джон Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, дүйнөдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 56,4 миллиондон ашты. 1,35 миллиондон ашуун адам каза болду. Вируска эң сезгич АКШ, Индия, Бразилия, Франция жана Россия кирет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru