народный

Коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор

Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалдары оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Учурда ооруканаларда 326 бейтап жатат. Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор болуп, анын бешөө реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 314 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Башкы санитардык дарыгер баса белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 322 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru