народный

Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор

Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканаларда жаткандардын саны 354тү түзөт. “Алардын ичинен 13үнүн абалы оор, тогузу реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Ал эми 341инин абалы канааттандырарлык”, – деп кошумчалады ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru