народный

Коронавирус жуктурган адамдардын ичинен 6 адам реанимация жатат

Коронавирус жуктурган адамдардын ичинен 6 адам реанимация жатат. Бул тууралу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында Ноокат районундагы ооруканада 59 жаштагы эркек киши жатат. Анын абалы туруктуу оор. Ош шаарында 45 жаштагы эркек кишинин абалы өтө оор. 1-апрелден тарта ал жасалма дем алуу аппараты аркылуу дем алууда. Ош шаарындагы ооруканада жаткан 60 жана 63 жаштагы эки аялдын абалы туруктуу оор.

Жалал-Абад шаарындагы 33 жаштагы эркек кишинин абалы туруктуу оор. Анда жакшы жылыштар бар. Бүгүн палатага которулат. Нарын шаарындагы 60 жаштагы аялдын абалы туруктуу оор.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru