Коронавирус жуктурган алты бейтапта пневмония пайда болду

Абалы оор болуп жаткан алты бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, анткени аларга жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган алты бейтапта пневмония пайда болду. “Ошондуктан аларга жетиштүү өлчөмдө кислород берип туруу үчүн интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган”,- деди Акматова

“Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жалпы 44 адамда аныкталды”, – деди Акматова.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru