Коронавирус жуктурган дагы 41 жаңы учур катталды. Жалпы 339 кишиге жетти.

Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин берген билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстанда 11-апрель саат 08:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 41 жаңы учур катталды. Жалпы 339 кишиге жетти.

“Жаңы катталган 41 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 18, Ош шаарында – 6, Нарын облусунда – 2 адам бар. Алардын 22си аял, 19у эркек”, – деди ал.

11-апрелге карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 339 учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 89;
  • Ош облусунда – 98;
  • Чүй облусунда – 15;
  • Баткен облусунда – 4;
  • Ош ш. – 36;
  • Бишкек ш. – 42;
  • Нарын облусунда – 10;
  • Ысык-Көл облусунда – 4.

Катталган учурлардын ичинен: 176 –аял, 163 – эркек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru