Коронавирус жуктурган дарыгер: “Ыза болдум, компенсация деле күткөн жокмун”

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Елена Баялинова социалдык тармакка коронавирус жуктурган дарыгер менен болгон маекти жарыялады.

Елена Баялинованын айтымында, аталган дарыгер жеме угуудан кооптонуп, өзү тууралуу маалыматты жарыялабоону суранган.

«Оору аныкталганда эмне кыларымды билбей калдым. Көптөгөн иштерим жана пландарым бар болчу, дароо эле үйдөгүлөрдү ойлондум. Тилекке каршы вирус сенин ким экениңди сурабай, тандоо укугунан ажыратып, жашооңо түзөтүү киргизет. Кийимдеримди тезирээк чогултуп, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы өзүнчө палатага жаттым», – деди дарыгер.

.

«Биринчи күнү көп ыйладым, анткени ыза болдум. Кургак учук же ВИЧ жуктургандарга дайыма жасалган дискриминацияны өзүм аркылуу сездим. Бул оорунун өзүнөн да коркунучтуу. Убакытты текке кетирген жокмун, көнүгүү жасап, журнал окуп, акыркы жаңылыктар менен таанышып, телефон аркылуу үй-бүлөм менен сүйлөшүп жатам. Эч кандай ыраазычылык сөздөрдү же компенсация күткөн жокмун. Тезирээк айыгып кетүүнү гана ойлонуп жатам», – дейт дарыгер.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 430 адамдан коронавирус аныкталды, алардын ичинен 79 бейтап медицина кызматкерлери.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru