народный

Коронавирус жуктурган жарандардын бешөөсү реанимацияда. Алардын ичинен 2 бейтаптын абалы өтө оор

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жарандардын бешөөсү реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Мамбетов белгилегендей, алардын ичинен Ноокат районундагы аймактык ооруканада 2 адам, Ош облустук ооруканасында 2 жана Жалал-Абад облустук ооруканада 1 киши жатат.

“Алардын ичинен 2 адамдын абалы өтө оор. Алар жасалма дем алуу аппараты аркылуу дем алууда”, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru