Коронавирус жуктургандар менен 7 миң 455 адам байланышта болгон
Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандар менен 7 миң 455 адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жакын байланыштар 1 миң 528 адамды, ал эми башка байланыштар 5 миң 977 адамды түзөт.