народный

Коронавирус жуктургандардын бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Мында, кечээ Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп айтылганын белгиледи. Алардын бирөө 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Калгандарынын – 12 адамдын абалы канааттандырарлык.

Эске салсак, буга чейин республика боюнча коронавирус жугузгандардын саны 14гө жеткени айтылат. Алардан 6 эркек, 8 аял. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам. Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Республика боюнча өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru