народный

Коронавирус жуктуруп алды деген кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды

Япониядагы “Diamond Princess” кемесинде коронавирус жуктуруп алган кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды. Ал кайрадан медициналык тест тапшырганда коронавирустун белгилери жок деп чыккан. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран Япониядагы ооруканадан чыгарылып, учурда ал Токио шаарында.

Эске салсак 28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов круиздик лайнердеги кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганв аныкталганын жыйында айткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru